Ереван шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны аяктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кеңешмеге Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин, ошондой эле ЕАЭБ караштуу байкоочу өлкөлөр – Өзбекстандын жана Куба Республикасынын өкмөт башчылары, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы катышты.
Өкмөттөр аралык кеңештин жыйынтыгы боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:
- "2021-2024-жылдарга Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин металлургиялык ишканаларын сырьелук камсыздоо боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" буйрук;
- "Евразиялык экономикалык биримдиги алкагында электрондук сооданы өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иш-чаралар планы ("жол картасы") жөнүндө" чечим;
- "Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясынын 2021-жылдын 21-сентябрындагы №129-чечимин жокко чыгаруу жөнүндө" чечим;
- "Казакстан Республикасынын аймагында өндүрүлгөн, аларга карата сериялык продукциялардын келип чыгышы жөнүндө сертификатты пайдаланууга жол берилген товарлардын тизимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" чечим;
- "Казакстан Республикасынын аймагында өндүрүлгөн, аларга карата сериялык продукциялардын келип чыгышы жөнүндө сертификатты пайдаланууга жол берилген товарлардын тизимине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" маселе алкагындагы тапшырма;
- "Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагында алкоголдук рынокту жөнгө салуу жөнүндө келишим долбоору үстүндө иштин жүрүшү тууралуу" маселе алкагындагы тапшырма;
- "Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттердин ортосундагы 2020-жылкы өз ара сооданын абалы жөнүндө" буйрук;
- 2021-2022-жылдарга агроөнөржай комплексин өнүктүрүүнүн биргелешкен болжолдору, ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн айыл чарба продукциясы, азык-түлүк, зыгыр буласы, тери сырьесу, пахта буласы жана жүн боюнча суроо-талаптары жана сунуш баланстары жөнүндө буйрук;
- "Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө-мамлекеттерди Евразиялык экономикалык биримдигинде өндүрүлүшү 2024-жылга чейин камсыздала турган, медициналык пайдалануу үчүн стратегиялык маанилүү дары-дармектер жана фармацевтикалык субстанциялар менен камсыздоо деңгээлин жогорулатуу боюнча иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө" буйрук;
- ЕАЭБ алкагында кредиттик таржымалга киргизилген маалыматтарды алмашуу тартиби жөнүндө келишим;
- "Евразиялык экономикалык биримдиктин 2020-жылга бюджетинин аткарылышы тууралуу отчёт жөнүндө" Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин чечим долбоору жөнүндө" чечим;
- "Евразиялык экономикалык биримдиктин 2022-жылга бюджети жөнүндө" Евразиялык экономикалык кеңештин чечиминин долбоору жөнүндө" чечим;
- "Евразиялык экономикалык биримдиктин жана Евразиялык экономикалык комиссиянын сотунун финансы-чарбалык ишмердүүлүгүнө ревизия жүргүзүү жөнүндө" буйрук;
- "Жогорку Евразия экономикалык кеңешине Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин мүчөсүнүн талапкерлигин көрсөтүү жөнүндө" буйрук;
- "Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө" буйрук.