Бишкекте Ленин РИИБинин тергөөчүсүнө кылмыш иши козголду

Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын Талант аттуу тергөөчүсүнө кылмыш иши козголду. Муну бүгүн, 13-ноябрда Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Тергөөчү "пара талап кылуу" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталууда.  

Тергөөдө аныкталгандай, ал кылмыш ишин козгобоо убадасы менен Б.М. аттуу жарандан 15 000 сом талап кылган.  

11-ноябрда саат 17:00 чамасында 14 000 сом пара алган ортомчу адам кармалды. Ал акчаны аталган тергөөчүгө алып барып бермек болгон.

 

Факты боюнча Бишкек шаардык соту кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан