Өткөн суткада коронавирус илдетинен дагы 2 адам каза болду. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алар эмдөөдөн өткөн эмес. Каза болгондордун жалпы саны 2 миң 720.
Стационарда 512 жана амбулатордук түрдө 647 адам дарыланып жатат.