Өлкө башчы: "Ар бир прокурорго кайрылган адам камкордукту сезүүсү керек"

Бүгүн, 20-ноябрда мамлекеттик резиденцияда президент Садыр Жапаровдун катышуусунда прокуратура кызматкерлеринин күнү белгиленүүдө.

Аталган иш-чарада президент алгач кызматкерлерди куттуктап, алардын ишине ийгилик каалады.

"Прокуратура органдарында таза адамдар иштеши керек, кылмышка аралашкандарды тазалап алууңар керек. Силер сапаттуу тергөөнүн үлгүсү болгула, ар бир ишти кылдат карап, ар бир силерге кайрылган адам силерден камкордукту сезүүсү керек.

Көптөгөн кылмыш иштер каттоого алынгандан кийин жылдап тергелбей жатат. Мунун арты менен бир канча адамдын тагдыры кошо тебеленүүдө.

Ар бир кылмыш иши боюнча 10 күндө бул иш андан ары тергөөгө кетери же кетпеси аныкталып, 2 ай ичинде тергелип бүтүп, сотко кетүүсү керек", - деп билдирди өлкө башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан