"Үзүрлүү эмгегиңер элибиздин урматына ээ болсун". Камчыбек Ташиев прокуратура кызматкерлерин куттуктады

Бүгүн, 20-ноябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Садыр Жапаровдун катышуусунда прокуратура кызматкерлеринин күнү белгиленди.

Анда УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев прокуратура кызматкерлерин куттуктады.

"Прокуратура органдары укук тартипти жана мыйзамдуулукту бекемдөөнүн башында турган негизги мамлекеттик кызмат катары өзүнүн ишмердүүлүгүн көрсөтүп келүүдө. Прокуратура түзүлгөн мезгилден ушул күнгө чейин Кыргыз мамлекетиндеги бийлик тутумундагы маанилүү институттардын бири экени далил. Прокуратура органдары мыйзамдарды аткарууга жогорку көзөмөл жүргүзүү менен мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоого чоң салым кошуп талыкпас эмгек кылып келет. Үзүрлүү эмгегиңер элибиздин урматына жана колдоосуна ээ болсун", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
alimbek94
2021-11-20 12:03:45
Ташиев жаман тайрандады бийлике келип алып
+2
Simels
2021-11-20 12:30:39
alimbek94, Ушул сөзүңдү барып бетине айтта комменттен эле жылаңач баатыр боло бербей!
+3
Antiradikal10
2021-11-20 15:34:42
Simels, Ташиев сынды которо албайт. Ага Кудай мээ ордуна да экинчи опкону бергенби деп ойлойсун аргасыздан.
+1
Taalaibek.
2021-11-20 12:44:19
Камчыбек прократураны жойсонор боло.
-1
Mashyrbek
2021-11-20 14:01:38
Ийгилик чыныгы Мекенчил Лидер К. Ташиев
-2
Antiradikal10
2021-11-20 15:39:22
Баракелде. Бут достор. Бут уголовниктер. Ташиев Ак уйдун тосмосунан ашып отуп шымын ацрып алгандан кийин камалган уч дос бийликти болуп алышты. Садыр Жапаров президент. Талант Мамытов ЖК торагасы, спикер. Ташиев Окмоттун куч тузумдорун бир колго топтоп отурат. Армия, погранслужба, милиция (МВД), прокуратура, УКМК. Жаныш Бакиевде да мынчалык полномочие болгон эмес...

Ал эми баш прокурор Зулушев булардын тортунчу досу. Айтор достор жаман копту да, Кудайын тааныбай...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан