Вознесеновка айылында окуучулардын ууланышы боюнча кылмыш иши козголду

Чүйдүн Вознесеновка айылында мектеп окуучуларынын уулануу фактысы боюнча Панфилов райондук прокуратурасы кылмыш ишин козгоду. Муну 13-ноябрда Башкы прокуратурадан билдиришти. 

Айыптуулар “санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу” беренеси боюнча жоопко тартылмакчы. 

 

Эске салсак, 25-октябрда аталган айылдагы орто мектептин 26 окуучусу тамактан ууланып ооруканага жеткирилген болчу. Окуучулар мектепте жеген май токочтору солярка жыттанып турганын айтышкан. Дарыгерлер чара көрүшүп, балдар 28-октябрда үйлөрүнө чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Lion-x
2013-11-13 19:15:07
Эмне учун бул иш учун Билим беруу министрлигинин стат-катчысы Шадыкановду жоопко тартпай, ушул адамдын аялынын берип жаткан булочкаларынан ууланган. Бул адам Чуй облусу менен Ыссык-Кол облусунун мектептерине ысык тамак беруу боюнча монополист кылып койгон аялын, озунун иши аркылуу кучко салып, балдарга берген тамактарын ит да жебейт...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан