Бүгүн, 20-ноябрда президент Садыр Жапаров өлкөнүн Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада көзөмөлдөөчү органдын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Мамлекетибиз эчен татаал мезгилдерди баштан кечирип, далай тайгак кечүүлөрдөн өтсө дагы прокуратура кызматкерлери ар дайым мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөп, укук бузуулар менен кылмыштуулукка каршы туруп келишкен.
Ошол эле маалда кайсы замандын талабы болбосун, кандай гана өзгөрүүлөр болбосун прокуратура органдарында чынчыл, принципиалдуу, баш оту менен өз кесибине берилген, мекен үчүн мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү орнотууга жан берүүсүн аябаган адамдар эмгектенишет.
Урматтуу прокуратура органдарынын ардагерлери, сиздер өз өмүрүңүздөрдүн курч мезгилин прокуратурада кызмат өтөөгө арнап, прокурорлук көзөмөлгө алгачкы кадам таштаган жаш муундарга таза, кесипкөй жана чынчыл кызматкерлердин үлгүсүн көрсөттүңүздөр.
Бүгүнкү кесиптик майрам күнү сиздердин биздин коомго мыйзамдуулукту бекемдөөгө кошкон салымыңыздарды өзгөчө белгилеп, мамлекет башчысы катары чын дилимден ыраазычылык билдирем", - деди Садыр Жапаров.