Садыр Жапаров: "Прокуратура органдарынын кызматкерлеринин арасында тартипсиз кызматкерлер дагы жок эмес"

Бүгүн, 20-ноябрда президент Садыр Жапаров өлкөнүн прокуратура органдарынын кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада, көзөмөлдөөчү органдын кызматкерлерин ишти сапаттуу тергөөнүн үлгүсү болууга чакырды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысы ар бир кылмыш жөнүндө билдирген адам принципиалдуу жана калыс тергөө жүргүзүү аркылуу, мамлекет тарабынан - анын тебеленген укуктарынын реалдуу түрдө калыбына келтирүүнү жана камкордукту сезүүсү зарыл экенин белгиледи.

Садыр Жапаров өнүккөн мамлекеттин маңызы бул өнүккөн коом экенин белгиледи. "Мамлекеттин жашоосундагы бардык чөйрөлөрүндө мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу туруктуу жана ар тараптуу өнүгүү үчүн өбөлгө түзөт. Ошондуктан прокурорлор мыйзам сакчылары катары мамлекеттин учурдагы өнүгүү жолуна түшкөн саясатын бардыгына бирдей жана так аткарылышына прокурордук көзөмөл кылып, мыйзам бузууга жол бергендерге принципиалдуу чара көрүшү зарыл", - дейт ал.

Мамлекет башчысы прокуратура органдарынын кызматкерлеринин арасында тартипсиз кызматкерлер дагы жок эмес экенине, аларга карата буга чейин чаралар көрүлгөнүнө өзгөчө көңүл бурду. Алардын айрымдары кармалып, айрымдары кызматынан алынды.

Президент Садыр Жапаров мындай кызматкерлерден тазалануу керектигин белгиледи. Анткени ошондо гана элдин ишенимин жогорулатууга мүмкүн болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан