Мадагаскар дүйнөдө биринчи жолу глобалдык климаттын өзгөрүшүнө себеп боло турган ачарчылыктын босогосунда турат. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун расмий өкүлү Йенс Ларктын сөзүнө таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Ларк өлкө акыркы 40 жылдагы эң катуу кургакчылыкты баштан кечирип жатканын, бул он миңдеген жергиликтүү тургундардын өзүн азык-түлүк менен камсыз кылуусун кыйындатып жатканын белгиледи. "Адамдар катуу жетишсиз тамактанууга туш болушат жана 28 миң адам өмүрү коркунучта турган ачкачылыкка окшош шарттарда жашап жатышат", - деди ал.
Эл аралык кайрымдуулук фонду коомчулуктан Мадагаскарга гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн 231 миллион доллар бөлүүнү суранган. Ведомствонун өкүлү буга чейин донорлор тарабынан 120 миллион доллар бөлүнгөнүн, бирок бул каражат жарандарды тамак-аш, суу жана дары-дармек менен камсыздоого жетпей жатканын билдирген.