Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда Прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанаттуу иш-чарада прокуратура органдарынын ишинде өзгөчөлөнгөн кызматкерлерине мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоого кошкон салымы, Кыргыз Республикасынын прокуратура органдарында көп жылдык жана кынтыксыз кызматы үчүн президенттин жарлыгы менен "Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи" ардак наамы төмөнкүлөргө ыйгарылды:
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдарды аткарууну көзөмөлдөө башкармалыгынын укук коргоо органдары жана контролдоо органдары чөйрөсүндө мыйзамдарды аткарууну көзөмөлдөө жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча бөлүмүнүн начальниги Арстанбек Чороев Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды.
Мындан сырткары, прокуратура органдарында ишинде өзгөчөлөнгөн бир катар кызматкерлер Кыргыз Республикасынын президентинин энчилүү сааты менен сыйланышты.