Грузиянын экс-президенти Михаил Саакашвили ачкачылыкты токтотту. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Саакашвили абактын ооруканасынан Гори шаарындагы аскердик госпиталга жеткирилди.
Михаил Саакашвили 1-октябрда камакка алынган. Ага бир канча жыл мурун өлтүрүлгөн Сандро Гиргвлиани аттуу банк кызматкеринин иши боюнча айып тагылууда. Саясатчы абакта ачкачылык жарыялаганы белгилүү болгон.
Анын ден соолугу начарлап, абактын ооруканасына которулган.