Экс-премьер-министр Темир Сариевге карата бөгөт коюу чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 20-ноябрдагы токтомуна ылайык, шектелүүчү Темир Сариевге карата мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы өзгөртүлдү. Эч жакка кетпөө боюнча тил кат алынды.
Эскерте кетсек, Сариев экономика министри, ошол эле учурда тиешелүү мамлекеттик комиссиянын төрагасы болуп турганда Кумтөр кенин иштетүүдөн келип чыккан экологиялык зыяндын суммасын бир нече миллиард сомго аз көрсөткөн, анын натыйжасында мамлекетке чоң зыян келтирилген деп шектелип, 3-августта УКМК тарабынан кармалган.