Орусиянын эл артисти Валерий Гаркалин коронавирустан каза болду

Орусиянын эл артисти Валерий Гаркалин коронавирустан каза болду. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ал октябрь айында коронавирус жуктуруп алып, ооруканага жаткырылган. Комадан чыккандан кийин ноябрдын башында өпкөсүнө операция жасалган. Ал 67 жашта болчу.

Гаркалин "Белые одежды", "Ширли-Мырли", "Попса", "Жулики" тасмаларында роль жараткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан