13-ноябрда Орусиянын "Шереметьево" аэропортунан кыргызстандык жаранды атып, тоноп кетишти. Маалыматтарга таянсак, ага 2 жолу ок атылган. Көтөрүп жүргөн баштыгынын ичинде 1,6 миллион доллар болгон.
Кыргызстандык жаран Бишкектен учуп барып аэропорттун имаратынан чыкканда атышкан.
39 жаштагы жабырлануучу Вячеслав Запрягаев учурда ооруканада, абалы туруктуу. Окуянын күбөлөрү кылмышкерлер ок чыгарган унаанын номурун айтышып, ал номур жасалма экенин полиция аныктады. Окуя иликтенүүдө.