Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучу Бүткүл дүйнөлүк ишкер аялдар күнүнө карата уюштурулган конференцияга катышты

"Жаратуучу жана тайманбас: Кыргыз мамлекетинин аялдарынын ийгиликке карай 30 жылдык жолу" аталышындагы конференция өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасынын милдетин аткаруучусу, төраганын орун басары Аида Касымалиева, мамлекеттик органдардын, БУУ баштаган эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана ишкерлер катышты.

Аида Касымалиева Жогорку Кеңештин атынан иш-чараны уюштурган “Курак” Аялдар форумуна жана башка өнөктөш уюмдарга ыраазычылыгын айтты.

“Миллиондогон аялдар үчүн ишкердик - бул экономикага катышуунун, алардын үй-бүлөлөрүнүн, калктын турмуш деңгээлин жогорулатуунун, финансылык көз карандысыздыкка жетишүүнүн негизги жолдорунун бири. Бүгүнкү күндө Кыргыз мамлекетинде айымдардын ишкердигин колдоо мамлекеттин приоритеттүү багыты катары каралып, өлкөнүн Улуттук өнүктүрүү стратегиясында, программаларында негизги милдеттерди катары камтылган”, – деди ал.

Конференцияда Бүткүл дүйнөдөгү аялдардын ролу, анын ичинде Кыргыз мамлекетинин айымдарынын мамлекетти өнүктүрүүдөгү салымдары, социалдык жана укуктук абалы, ишкердик жактан пайдалуу бизнес өнүктүрүүсү талкууга алынып, ошондой эле лидер аялдардын жамааттарын бириктирүү жана колдоо, ишкер айымдарга мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана шарт түзүп берүү маселелери каралды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан