20-ноябрда аткезчиликке каршы күрөшүү иш-чараларынын негизинде Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары тарабынан чек арадан мыйзамсыз аткезчилик жүктөрдү алып өтүү аракетине бөгөт коюшкан. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
"УКМКнын Чек ара кызматынын чек ара кезмети Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Маргун-Арка автоунаа жолунда кызмат өтөө учурунда Кыргыз мамлекетинин 1991-жылы туулган Р.С. аттуу жарандын башкаруусунда Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү автоунаасын токтотууга аракет кылышкан. Бирок айдоочу чек ара кезметинин мыйзамдуу талаптарына баш ийбей чоң ылдамдыкта аскер кызматкерлеринин жанынан айдап өтүп кеткен.
Ал эми чек ара кезмети асманга эскертүү иретинде ок чыгарып аргасыздан автоунааны токтотуу максатында дөңгөлөгүн көздөй ок чыгарган.
Транспорт каражатын текшерүү учурунда 1000 килограммдан ашуун таттуулар аныкталып, айдоочуда жүккө тиешелүү документтер болгон эмес. Айдоочу бул жүктөрдү Кыргыз өлкөсүнөн Тажикстанга алып өтүүгө аракет кылган", - деп жазылат маалыматта.
Тиешелүү иш-кагаздары толтурулгандан соң кармалган айдоочу жана жүк мындан ары териштирүү иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.