Ысык-Көл районунда турак үйдүн чатыры өрттөндү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 20-ноябрь күнү саат 22:30дар чамасында Ысык-Көл районунун Бактуу-Долоноту айылынын Курманбай көчөсүндө турак үйдүн чатыры күйүп жатат деген маалымат келип түшкөн. Жерине Ысык-Көл районунун №31 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн бир бөлүкчө тартылып саат 23:05 де чектөөгө алышты. Саат 00:30да толук өчүрүлдү. Жалпысынан 120 чарчы метр үйдүн чатыры күйдү.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.