Чүйдө Бүткүл дүйнөлүк жол кырсыктарынын курмандыктарын эскерүү күнүнө карата акция өттү

Бүгүн, 21-ноябрында Чүй облусунун бардык аймагында ОИИББинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын инспекторлору БУУнун Башкы ассамблеясынын резолюциясына ылайык Бүткүл дүйнөлүк жол кырсыктарынын курмандыктарын эскерүү күнүнө карата акция өткөрүштү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Жыл сайын ноябрь айынын ар бир үчүнчү жекшембисинде Бүткүл дүйнөлүк жол кырсыгынын курмандыктарын эскерүү күнү белгиленет. Бул жылы бул күн 21-ноябрга туш келди. Бул эл аралык иш-чаранын негизги максаты – бардык жарандардын көңүлүн буруу, жол кырсыгында каза болгондордун элесин эскерүү жана алардын жакындарына көңүл айтуу, ошондой эле жол коопсуздугун камсыз кылуунун маанилүүлүгүн дагы бир жолу эскертүү. Бул күнү көптөгөн өлкөлөрдө жол кырсыгынан каза болгондордун элесин эскерип, алардын жакындарына көңүл айтышат", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан