Токмокто өз жанын кыюуга аракет кылган жаран мас абалында болгону аныкталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"Чүй облусунун Токмок шаарында Жантаев көчөсүндө жайгашкан 9 кабаттуу турак үйдөн (толук курулуп бүтө элек) 1998-жылы туулган О.Д. аттуу эркек киши секирип өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине Токмок шаардык 3 куткаруучу, ИИМ жана "Тез жардам" кызматкерлери тартылган.
Куткаруучулар секирем деген жаранды кармап калып, ылдый түшүрүшүп, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти. Өз жанын кыюуга аракет кылган жаран мас абалында экендиги аныкталган", - деп жазылат маалыматта.