Эртең Улуттук тарых музей санитардык тазалоо иштерине байланыштуу жабык болот

Эртең, 22-ноябрда Улуттук тарых музей санитардык тазалоо иштерине байланыштуу жабык болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Улуттук тарых музей санитардык тазалоо иштерине байланыштуу 22-ноябрь күнү жабык болот. Музей өз көрөрмандарын 23-ноябрдан тарта саат 10:00дөн 18:00гө чейин кабыл алуусун улантат", - деп жазылат маалыматта.
19-ноябрда беш жылдан бери оңдоп-түзөө үчүн жабык турган Бишкектеги Улуттук тарых музейинин салтанаттуу ачылышы болуп өткөн.
20-ноябрь күнү акысыз көрүп калуу үчүн Тарых музейинде кезек күткөндөр көбөйгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан