Тогуз-Тородо толук күйүп кеткен мектептин ордуна эки бөлмөлүү мобилдүү үй жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"17-ноябрда өрттөнүп кеткен Тогуз-Торо районунун Каргалык айыл аймагынын Чет-Булак айылындагы №8 М.Абдыжапаров орто мектебине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан 1 даана эки бөлмөлүү мобилдүү үй жеткирилди.
Өрт кырсыгы болжолдуу түрдө электр жабдыктарын пайдаланууда техникалык эрежелердин бузулушунан улам келип чыккан.
Өрттүн кесепетинен аянты 468 чарчы метр имарат толугу менен күйүп кеткен жана 1,5 миллион сомдук материалдык түз чыгым келтирилди", - деп жазылат маалыматта.