Советтик жана орусиялык актриса Нина Русланова каза болду

Москва шаарында Советтик жана орусиялык актриса Нина Русланова узакка созулган оорудан улам каза болду. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, актриса кечээ, 21-ноябрда 76 жашында Москвадагы ооруканалардын биринде каза болгон. Актрисага алгач биринчи же экинчи даражадагы дем алуунун жетишсиздиги диагнозу коюлган жана ал ооруканага баргысы келген эмес. 11-ноябрда абалы начарлагандыктан ооруканага жаткырылып, дарыгерлер ага пневмония жана жүрөк ритминин бузулушу деген диагноз коюшкан.

Нина Русланова легендага айланган ондогон тасмаларда роль жараткан. Ал Вахтангов жана Маяковский атындагы театрларда да иштеген. 1998-жылы Орусиянын Эл артисти болгон. Русланованын дагы төрт “Ника” сыйлыгы бар. Анын экөөнү “Эң мыкты актриса”, дагы экөөнү “Экинчи пландагы эң мыкты актриса” катары алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан