АКШнын Калифорния штатындагы трассада накталай акча ташыган жүк ташуучу унаанын эшиги ачылып, акча салынган баштыктар түшүп кетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жолго 1 доллардан 20 долларга чейинки купюралар түшкөн. Айдоочулар токтоп, акча чогултушуп, унаа жолдогу кыймыл токтогон.
Элди тынчтандырууга аракет кылган полиция кызматкерлери бир канча адамды камакка алууга аргасыз болушкан. Чачылган акчаны алгандардын айрымдары кайра кайтарышкан. Полиция кызматы жолдон акча алып, кайра бербегендерди тез арада кайтарууга чакырды. Болбосо аларга расмий айып пул салынат.