"Тиешелүүлөргө чара көрүлөт". Башкы прокуратура өлкөнүн картасынын сүрөтү түшүрүлгөн баннер боюнча түшүндүрмө берди

20-ноябрда Кыргыз Республикасынын прокуратура кызматкерлеринин күнүнө карата “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өткөрүлгөн иш-чарадагы өлкөнүн картасынын сүрөтү түшүрүлгөн баннер боюнча Башкы прокуратура төмөнкүдөй билдирүү таратты.
"Бул иш-чараны уюштуруудагы Башкы прокуратуранын жооптуу башкармалыгы жеке ишканага баннер жасоого буюртма берген. Буюртманы аткаруучулар тарабынан кетирилген мындай калпыстык үчүн уюштуруу иштерине жооптуу кызматкерлерге тиешелүү чара көрүлөт.
Ал эми өлкөбүздүн бүтүндүгүн баарынан жогору коюп кабатыр болуп жаткан жарандарыбызга терең ыраазычылык билдиребиз. Өлкө кызыкчылыгы, мамлекеттүүлүк баарыбыз үчүн жогору турат", - деп жазылат билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
bond02
2021-11-22 10:28:02
Актанбагыла эми туштон кийин, алар деле гугл картадан же интернеттен карап чыгарса керек баннерди.
0
Rusbayastan
2021-11-22 10:28:11
Ушунтип эле кутулуп кетесинер
0
Fernando_Torres
2021-11-22 10:45:24
Гугул картада андай эмес бринчиден гугул картада ворух деген нерсе озу жок болсо дагы Бир айыл баннер жасагандар кунолуу
+2
Medina87
2021-11-22 11:06:39
Ошондо ГУГЛда КЫРГЫЗСТАНДЫН толук картасы жокпу??
Анклавдар толук бойдон Картабызга кируу керек го
+2
bayern-munchen
2021-11-22 13:14:41
Medina87,гуглдан азыр эле даны картаны кордум анклав болуп эле турат Ворух бул кемчонтой Мадумаровчулардын эле чыккынчылыгы
+1
bayern-munchen
2021-11-22 11:52:23
Ушинтип оюу кыска Мадумаровчулар артык кыламын деп тыртык кылганы калды тажиктердин чырагына май куюп Эми тажиктер ошол жерлер биздики кыкендер оздору моюдады деп чыгат ойлонгулачы ичтен чыккан душмандар
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан