Айдоочунун унаасын, телефонун жана акчасын тартып алышкан. Бишкекте таксистке кол салганга шектелгендер кармалды

Бишкек шаарында таксистке кол салган шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, окуя 19-ноябрь күнү түн ичинде болгон. Анда таксист кардарларын Тынчтык конушуна алып бара жаткан убакта орто жолдо ага жүргүнчүлөр кол салган.

Кардарлардын бири айдоочуну коопсуздук куру менен муунтуп, андан кийин унаадан жерге түшүрүп телефонун, 2500 сом акчасын жана унаасын тартып алышкан. Жабырлануучу милицияга кайрылып, факты каттоого алынып, издөө иштери башталган.

Көп узабай шектүүлөр кармалган, алардын бири аял киши. Кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, териштирүү иштери башталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Asmat84
2021-11-22 11:11:41
Туулбай өлгүрлөр. Жостка наказать этиш керек. Байкуш таксист араң үй бүлөөсүн багам деп журсо
0
alym21
2021-11-22 12:29:39
Asmat84,таксист инвалид бала экен,башка басылмаларда жазылып журот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан