Москвада BMW менен жол кырсыгынан каза болгон блогер Саид Губденский ылдамдыкты жакшы көрчү (унаа менен сүрөттөрү)

Москвадагы Кутузовский проспектисинде BMW үлгүсүндөгү унаасы менен каршы тилкеге ​​чыгып кетип, Volvo жана Mercedes унаалары менен кагышкан блогер Саид Губденский ылдамдыкты сүйүүчүлөрдөн болчу.

Орус басылмаларынын жазганына караганда, Губденский социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Москва шаарында кантип саатына 150 чакырым менен айдаш керектигин көрсөткөн. Мындан тышкары анын баракчасында Москвада достору менен жарышып жүргөндөгү видеолору бар.

Ал көбүнчө өзүнүн блогуна жолдордогу кооптуу трюктарды жарыялап турчу. Анын социалдык тармактагы ишмердүүлүгүнө жарым миллионго жакын адам көз салчу. Ошол эле учурда ал бир нече жолу катталуучуларын жол эрежесин бузбоого чакырган.

Ишемби күнү Москванын Кутузовский проспектисинде эки унаа бетме-бет кагышып, аларды дагы бир унаа келип сүзгөн. Блогер Саид Губденский кырсыкка себепкер болгон BMW унаасын айдап бара жаткан. Ал окуя болгон жерден каза болуп, анын жүргүнчүсү Заур Ибрагимов ооруканага жеткирилген соң каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
bond02
2021-11-22 12:46:19
Озуно озу кол салуу да бул.
+3
Dembele84
2021-11-22 13:13:23
Зачем кереги бар кайдагы непонятный орустун блогерин жанылык кылып!?
+3
Sanjura
2021-11-22 16:30:48
Аллах көп эле жолу эскерткен экен.
+3
muslima-0788
2021-11-22 20:37:42
Тааныбайт экенмин.Жаман болуптур
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан