Бишкектин Октябрь РИИБинин жетекчисинин орун басары Бегайым Турапова 2 айга үй камагына алынды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Турапованын баш коргоо чарасы 20-ноябрда каралып, 2022-жылдын 18-январына чейин үй камагына алуу чечими чыккан.
Буга чейин Бегайым Турапованы Аскер прокуратурасы 6 балалуу Асыл Талипованын иши боюнча кармаган.
1-октябрда жактоочу Канат Хасанов Бишкек ШИИББинин алдына митингге чыгып, анда "алдамчылык" фактысы менен кармалган 6 балалуу 41 жаштагы аялдын СИЗО-1ге камалганына нааразычылыгын билдирген. Анда жактоочу бул ишке Октябрь РИИБинин кызматкерлери дагы аралашканын айткан.
Бул иш боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Октябрь РИИБинин башчысы Улан Аалиев кармалып, 2 айга УКМКнын СИЗОсуна киргизилген. Ошондой эле тергѳѳ кызматынын мурдагы орун басары Талгат Куватбеков жана тергѳѳчү Айсулуу Рамазан кызы дагы 2 айга камакка алынган.
Ал эми 15-ноябрда Бишкектин Октябрь РИИБинин тергөө кызматынын жетекчиси кармалган.