Ирандын Шахри-Корд шаарынын тургундары таза суунун жетишсиздигинен улам митингге чыгышты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, акция шаардын борборунда уюштурулуп, жергиликтүү бийликтин өтүнүчү менен жыйынтыкталган.
Ушундай эле акция жума күнү Исфахан шаарында өткөн.
Белгилей кетсек, Иранда акыркы он жылдан бери кургакчылык болуп, өлкөдө ичүүчү суунун кескин тартыштыгы байкалууда.