Баткенде унаа уурдап качкан жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Баткен облусунун Исфана шаарынын 36 жаштагы тургуну Ваз 2106 үлгүсүндөгү унаасын токтотуп, борбордук базарга кирип чыкканча унаасы белгисиз адам тарабынан уурдалганын билдирип, арыз менен милицияга кайрылган.
Бул арыз Лейлек РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Лейлек районунун аймагында жүрүп жаткан “Укук, тартип” иш-чарасынын алкагында уурдалган унаа Исфана шаарынан табылган. Ал эми шектүү Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын 39 жаштагы тургуну М.З. болгон.
Азыркы учурда тергөө иштери улантылып, кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилген.