Ош облусунун аймагында 3000 сомдон көмүр сатыла баштады. Даректери

Ош облусунун аймагында тоннасы 3000 сомдон көмүр сатыла баштады. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, көмүрдүн сапаты атайын адистердин текшерүүсүнөн өткөрүлгөн.

"Аталган көмүр Өзгөн районунун 15 жаш айылындагы карьерден алып келинип, буга чейин Ош облусунун аймагында иштеп жаткан социалдык базаларда сатылат.

Арзан көмүрдү алуу жана даректери тууралуу маалыматтар боюнча райондук мамлекеттик администрация же айыл өкмөттөргө кайрылсаңыздар болот", - деп жазылат маалыматта.

3000 сомдук көмүрдүн бүгүнкү күндө сатылып жаткан даректери:

Ноокат району:

Мирмахмудов айыл өкмөтү, аэропорт участкасы;
Кулатов айыл өкмөтү, Абшыр-Ата айылы.

Кара-Суу району:

Жоош айыл өкмөтү;
Сарай айыл өкмөтү.

Кара-Кулжа району:

Кара-Кулжа айылы, "Кулун-Ата" АЗС.

Араван району:

Алля Анаров айыл өкмөтү, Пахта заводу.

Белгилей кетсек, арзан көмүр президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдиновдун тапшырмасына ылайык сатыла баштады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
zhaynak
2021-11-22 13:32:44
Аябай жакшы жанылык. Аллах ыраазы болсун. Чон-Алайдын комурун да бир аз тушуруп койсо жакшы болмок. 7,50тыйындан сатылып жатат. 5сом болсо элге жакшы болмок
+5
bond0202
2021-11-22 13:47:39
3сомдук комурду эч ким албай турат.куйбогон сапаты эн начар комур.ошонун жанында чон алайдын комурун 8 сомдон сатып жатат.
+4
Oryol-bala
2021-11-22 19:26:33
bond0202,туура айтасыз, мен да ойлопмун Чоң-Алайдын көмүрүн сатып атат окшойт деп
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан