Бишкектеги тойканалардын биринде актёр, каскадёр Бактыбек Нурмат уулу менен актриса Алтынай Муканбет кызынын үйлөнүү үлпөт тою болуп өттү. Эки жаштын жакшылыгына жакындары, достору, чыгармачылыктагы санаалаштары, кесиптештери катышты.
"Алтынай 2015-жылы окуу жайыбызга студент болуп келгенде эле бир көрүп жактырып калгам. Биз үйлөнүү чечимин 2 ай убакыт аралыгында кабыл алдык. Жубайым мени назиктиги, ишенчээктиги менен арбап алды", - дейт актёр Нурмат уулу.