Аял киши өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат тастыкталган жок. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бүгүн, 22-ноябрда ӨКМга Биринчи Май районунан Чыңгыз Айтматов кең көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн 10-кабатынан аял киши секирип өз өмүрүн кыюуга аракет кылып жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылып, алар эки саатка жакын ошол жерден аялды издеп табышкан эмес. Бул тууралуу билдирген адамдын байланыш номери өчүк болгон.
Учурда ИИМдин кызматкерлери бул маалыматты текшерүүдө.