Сузакта изделип жаткан 9 жаштагы Сумаянын атасы: "Бейшемби күнү кызым күлүп-жайнап эле сабакка кеткен"

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 9 жаштагы Сумая Хосилжанова дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу анын атасы Уткирбек Сулайманов билдирди.

Анын айтымында, кызы 18-ноябрда мектепке кеткен бойдон дайынсыз болууда.

"Сумая 4-класста окуйт. Бейшемби күнү кызым саат 12:30да күндөгүдөй эле күлүп-жайнап сабакка кеткен. Бирок мектепке барган эмес. Жолдо эле дайынсыз болууда. Башында ак жоолугу бар болчу. Үстүнө көк күрмө, бутуна кызгыл түстөгү бут кийим кийип кеткен.

Элден кызымды издөөгө жардам сурайт элем", - деп билдирди Сулайманов.

Маалымат үчүн:

Сумайя Хасилжанова 18-ноябрь күнү саат 12:40 чамасында мектепке кеткен бойдон дайынсыз болууда. Ошондой эле аны издөөгө 100дөн ашуун ыктыярчы тартылды.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
alym21
2021-11-22 18:46:30
Табылып калса экен.Аллахым озун жол корсот.
+11
Fernando_Torres
2021-11-23 01:06:56
Биро Урдап кетиптир анда же бир писихтин же бир душманынын колунан табасың примерно
-4
Shbdn
2021-11-23 07:13:52
Ата энесине очукон адамдар жок бекен себи жалал абадтта коп жыл болуп Кетти бир жылыда эки бала жоголгон кийин балдардын атасын душманы алып барып коп сумадагы акча сурап бирок кийин курортон балдардын жансыз денелери табылганго.Аллам колдоп Сумая кыз табылып калсын Аман эсен.эчкимди балам деп боздотпосун.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан