Чүй ОИИББинин милиция кызматкерлери жансыз денеси табылган эркек кишинин аты-жөнүн тактоого коомчулуктан жардам сурайт. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-ноябрь күнү саат 08:30 чамасында Ленин айылынын талаасынан эркек кишинин жансыз денеси табылган.
Өзгөчө белгилери: Бою 170-175 сантиметр, арык дене түзүлүштө, чачы кыска кара. Бир колу жарымынан жок.
Кийген кийимдери: Кара күрмө, көк түстөгү кофта, кара спорттук шым, бутуна көлөч кийип жүргөн.
Чүй ОИИББинин милиция кызматкерлери кимде-ким маркумду таанып же ал жөнүндө маалымат билсе, төмөнкү номерлерге чалып коюуну өтүнөт.
Байланыш телефону: 0312 43 01 27, 0312 36 35 27, 0312 36 35 23, 0550 34 33 63, 0504 77 22 77.