Электр энергиясы жетишпегендигинен улам чакан ГЭСтерди куруу жана шамалдан, күндүн энергиясынан, жылуулук булактарынан алуу боюнча экономика саясаты жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Жарасул Абдраимов билдирди.
"Күн энергиясы бир катар түйшүк менен алынат. Алгач эле кремнийден поликристалдык кремний өндүрүлөт. Андан соң монокристалдык кремний алынат. Бул процесстердин бардыгын учурда Кемин районундагы Орловка шаарчасында жайгашкан "Астра" компаниясынын ишканасында жасалып жатат. Кесилген пластинаны модулдарга салып иштеп чыгып, төрт бурчтук батареялар жасалышы керек. Бул боюнча Кытайдын Гонконгдогу “Лон Жи” технологиялык компаниясы менен иштер жүрүп жатат", - деп билдирди ал.
Мындан тышкары Абдраимов шамал энергиясы боюнча Орусиянын "Росс атом" заводунан кызматташуу сунушу келгендигин билдирди.
"Алар шамал энергиялык орноткучтарын жасашат. Алар шамал көп болгон Балыкчыда, Кеминде орнотулушу керек. Альтернативдүү энергиянын дагы бири жылуулук булактар. Алар жер алдынан чыккан суулардан алынат. Жылуулук булактары Ысык-Ата сыяктуу курорт, санаторийлерде курулушу шарт", - деп кошумчалады Абдраимов.