Бишкекте жол кырсыгынан жаш кыз каза тапты

Бишкекте жол кырсыгынан жаш кыз каза болуп, 3 адам жаракат алды. Бул тууралуу Бишкек ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди. Борбордогу Юнусалиев - Скрябин көчөлөрүнүн кесилишинде 13-ноябрь күнү саат 20:45те адам өмүрүн алып кеткен жол кырсыгы катталды.Анда Мерседес менен ВАЗ-2103 унаасы кагылышты.

 

Жол кырсыгынын кесепетинен 24 жаштагы И.М. (ВАЗ-2103түн жүргүнчүсү) окуя болгон жерде каза болду. 6 жаштагы Ж.И. балдар ооруканасына, айдоочу жана жүргүнчү Улуттук госпиталга жеткирилди.  

 

Алдын ала маалыматтарга ылайык, Мерседес үлгүсүндөгү унааны кыз башкарып баратып, каршы жолго чыгып кеткен. Окуя болгон жерден качып кеткен айдоочунун өздүгү такталууда. Унаалар айып төлөнүүчү жайга жеткирилди. Материалдар Бишкек ШИИБинин иликтөө бөлүмүнө өткөрүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан