Ошто 2 бала балдар үйүнө, дагы 24 өспүрүм социалдык мекемелерге өткөрүлдү

Ош шаарында "Камкордук" аталышындагы рейддин жүрүшүндө 2 бала балдар үйүнө өткөрүлсө, оор шартта жашаган 24 бала социалдык мекемелерге берилди. Бул туурасында Ош ШИИБинин маалымат кызыматынан кабарлашты.
"Иш-чаранын жүрүшүндө жылуулук трассалары, жер төлөлөр, интернет клубдар, коомдук тамактануучу жайлар, соода түйүндөрү текшерилди. Натыйжада балдар үйүнө 2 бала жеткирилди, оор шарттарда жашаган 24 өспүрүмгө жардам көрсөтүү боюнча социалдык мекемелерге билдирилди. Мектепке барбай жаткан 9 окуучунун ата-энелери менен маектешүүлөр жүргүзүлүп мектепке кайтарылды. Базарларда, соода түйүндөрүндө иштеп жүрүшкөн 17 өспүрүм аныкталды. Бул иш-чаранын жүрүшүндө аныкталган фактыларга таянып, өспүрүмдөргө жардам көрсөтүү максатында жергиликтүү бийлик органдарына 19, билим берүү тармагына 7, социалдык коргоо органдарына 22 кат жөнөтүлдү", - дешти мекемеден.
Рейддин жүрүшүндө аныкталган оор шарттарда жашаган, жумушка тартылган балдардын көпчүлүгү ички жана сырткы миграция менен келип, отурукташа баштаган жарандардын балдары экендиги аныкталды. Иш-чаранын негизги максаты жашы жетпей туруп оор шарттарда иштеген, оор турмуштук кырдаалга туш болгон балдарды, мектеп курагындагы кайыр сураган өспүрүмдөрдү аныктоо, аларга жардам көрсөтүү болуп саналат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан