Валентина Шевченко Кыргыз өлкөсүнөн баш тарткан Рафаэль Физиев жөнүндө пикирин айтты
Бүгүн, 22-ноябрда Бишкекте UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко маалымат жыйын берип, күйөрмандар менен жолугушуу өткөрүүдө.
Анда Валентина Шевченкого Кыргыз өлкөсүнөн баш тарткан Рафаэль Физиев тууралуу суроо берилди.
"Рафаэль жаш жигит. Ага азыр оор болуп жатат. Мүмкүн ал өзүн издеп жаткандыр. Менин оюмча, ал эмоцияга алдырып жиберди. Бардыгы жакшы болот", - деп жооп берди Шевченко.