Сальвадор мамлекетинде биткоинге арналган шаар курулат

Сальвадор мамлекетинин бийлиги өлкөдө биткоинге арналган шаар курууну пландаштырууда. Бул тууралуу өлкөнүн президенти Найиб Букелеге шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, долбоор "Bitcoin City" деп аталат. Шаар тегерек формага ээ болуп, анын борборунда гигант "В" символу түрүндөгү көргөзмө комплекси түзүлөт. Шаардын жашоочулары НДСтен башка бардык салыктардан бошотулат.

Борбордук Америкада жайгашкан Сальвадор мамлекети биткоин АКШ доллары менен тең мыйзамдуу төлөм каражаты статусуна ээ болгон дүйнөдөгү биринчи өлкө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан