Чоң-Алайда аялдамадан табылган сумка ээсине кайтарылды. Ичинде 54 миң сом болгон

Ош облусунун Чоң-Алай районунда акча салынган сумкасын жоготуп алган жашоочуга милиция кызматкери жардам көрсөттү. Сумканын ичинде 54 миң сомдон ашык каражат болгонун ИИМдин маалымат кызматынан маалымдашат.

"17-ноябрь күнү эртең менен Чоң-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы аялдамада сумка табылып, ичинде 54 миң 400 сом бар экени аныкталды. Сумканы Чоң-Алай РИИБинин кызматкери, милициянын кенже лейтенанты, аймактык тескөөчү Шумкар Эсенбаев таап алган. Ал кыска убакыттын ичинде баштыктын ээсин издеп таап, кайтарып берген", - деп айтылат билдирүүдө.

Акчанын ээси милиция кызматкерине ыраазычылык билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Belek1710
2021-11-22 21:46:01
молодцы, бирок түшүнүктүү кылып тапшырган убагын да тартып койбоптур.
+3
Paprikafm
2021-11-23 23:01:58
Милиция табып албай эле ошол жердеги таксист таап анан милиционерге бердиго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан