Өлкөдө бензиндин баасы кымбаттап, таңкыстык байкалууда. Буга байланыштуу Экономика жана каржы министрлиги күйүүчү майлоочу майдын баасына мамлекеттик көзөмөл киргизүүнү сунуштап, коомдук талкууга койду. Бул тууралуу аталган министрликтин кызмат көрсөтүү рыногу башкармалыгынын башчысы Искандарбек Маматов билдирди. Анын айтымында, талкуу 1 айга чейин созулат.
"Атайын мыйзамда каралгандай көзөмөл сатылуучу баанын жогорку деңгээли 20 пайызга өсүп кеткен учурда мамлекет майдын баасын өзү аныктайт. Көзөмөл дизелдик отун жана Аи-80, Аи-92 маркасындагы бензинге киргизилет. Баага болгон чек республикада өзгөчө кырдаал жарыяланган учурда киргизилет жана 90 күнгө коюлат", – деди Маматов.
Буга чейин бензин 7 сомго, дизелдик май 12 сомго кымбатташы мүмкүн экендигин жана ага дүйнөдөгү мунайдын кымбатташы себеп болуп жаткандыгын нефтетрейдерлер ассоциациясы билдирген эле.