УКМКнын Киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча координациялык борборунун директору болуп Абдыкадыр Разаев дайындалды

УКМКнын Киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча координациялык борборунун директору болуп Абдыкадыр Разаев дайындалды. Бул туурасында президенттик аппараттын маалымат кызматы тарабынан белгилүү болду.

Мекемеден билдиришкендей, өлкө башчы Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Абдыкадыр Разаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, Киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча координациялык борборунун директору болуп дайындалды.

Буга чейин Жанибек Жоробаев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча координациялык борборунун директору кызматынан бошотулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан