Чүйдө эркек кишинин аты-жөнүн аныктоого милиция жардам сурайт. Маркумдун бир колунун чыканактан ылдый бөлүгү жок


Чүй облусунун Ленин айылындагы талаадан кебетеси азиялык болгон эркек кишинин жансыз денеси табылды. Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан бидиришкендей, маркумдун сөөгү 21-ноябрда саат 08:30 чамасында аныкталды.

Билдирүүгө ылайык, айланма жолдон 200 метр алыс жерден 35-40 жаш чамасындагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Учурда каза болгон жарандын аты-жөнүн тактоо иштери жүргүзүлүүдө. Мындан улам Аламүдүн РИИБи маркумду билгендер болсо же кандайдыр бир маалыматка ээ болсо милиция кызматкерлерине кабар берип коюуну өтүнөт. Байланыш номерлери: 0312 43 01 27, 0312 36 35 27, 0312 36 35 23, 0550 34 33 63, 0504 77 22 77

Маркумдун белгилери: Бою 170-175 сантиметр, орто салмакта, чачтары кара, мурду кырдач, башы сүйрү.

Кийип жүргөн кийимдери: кара түстөгү күрмө, көк түстөгү кофта, спорттук кара шым, бутунда маасы, гөлөш.

Өзгөчө белгилери: оң колунун чыканактан ылдый бөлүгү жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан