1-декабрдан тарта аба каттамдардын саны көбөйөт. Акылбек Жапаров жана Михаил Мишустин жолугушту


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москвага болгон иш сапарынын алкагында Орусия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана отун-энергетика тармагындагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн негизги маселелерин талкуулашты.

Ошону менен бирге тараптар Кыргыз жергесинин аймактарында билим берүү мекемелерин куруу боюнча долбоордун эртерээк ишке киришинин маанилүүлүгүн белгилешти. Бул боюнча буга чейин мамлекет башчыларынын ортосунда келишим түзүлгөн.

"Кыргыз-Орус өз ара аракеттенүүсү өнөктөштүк принциптерине негизделген жана эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда ырааттуу өнүгүп жатат", - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле 1-декабрдан тарта эки өлкө ортосундагы үзгүлтүксүз аба каттамдардын санын көбөйтүү жана орусиялык Спутник Лайт вакцинасынын 200 миң дозасы түрүндөгү гуманитардык жардамды жеткирүү чечими үчүн коңшу тарапка ыраазычылык билдирди.

Акылбек Жапаров менен Михаил Мишустин салык жана бажылык башкаруу системин санариптештирүү, анын ичинде салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруу маселелерин талкуулап, Кыргыз өлкөсүндө заманбап дата-борборду түзүү зарылдыгын белгилешти.

"Бул багытта Орусиянын тажрыйбасы биз үчүн абдан маанилүү", - деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Михаил Мишустин Орусия эки тараптуу кызматташууну жаңы, жогорку деңгээлге чыгарууга, аны жакшы мазмун жана биргелешкен долбоорлор менен толтурууга кызыкдар экенин баса белгиледи.

Ал ошондой эле эки мамлекеттин ортосундагы соода жүгүртүү өткөн жылга салыштырмалуу 38 пайызга өскөнүн белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KG-312
2021-11-22 23:15:29
Кытайга качан ачылат?
-1
Belek1710
2021-11-22 23:48:59
Темир жол, авто жол дагы ачылса жакшы болот эле
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан