КТРКда "Аруузат", "Ишеним", "Ынтымак", "Альянс" партиясынын теледебаты өттү. Экономика, аймактык административдик реформа тууралуу сөз болду (хронология)

22-ноябрда "Аруузат", "Ишеним", "Ынтымак", "Альянс" партиясынын теледебаты өттү.

2021-11-22 23:56:00

"Ишеним" партиясынан талапкерге "Конституциялык кеңешменин мүчөсү болуп, Баш мыйзамды өзгөрткөнгө чоң салым кошкондордун бирисиз. Партиянын тизмесине кирип калганыңызды ошого байланыштырсак болобу?" деген суроо берилди.

"Мен ошол кеңешменин мүчөсү болуп өз көз карашымды карманган баалуулуктарымды киргизгеним кыргыз элинин керегине жарайт. Былтыр парламенттик шайлоодо сунуштар болгон. Ага чейин, быйыл деле сунуштар түшкөн", - деп жооп берди.

Суроо: "Бишкекти каптаган кара түтүндөн арылуу үчүн кандай сунуштар бар?"

"Программада бар. Эл аралык уюмдар менен биргеликте бул маселени чечкенге аракет кылабыз", - деди.

 

2021-11-22 23:49:00

Талапкерлер социалдык тармактар тарабынан келген суроолорго жооп берди.

"Парламентке депутат болуп калсаңар Кыргыз өлкөсүн өнүктүрүүгө канча убакыт керек болот?" деген суроо "Аруузат" партиясынын талапкерине берилди.

"Биз 40 күндүн ичинде эскилерден арылтабыз. Үч айдын ичинде парламенттин сапаты боюнча мыйзамдарды алып чыгабыз. Кытайдын карызынан кутулуу боюнча иш алып барабыз", - дейт Советбек Зикиров.

Суроо: "Партияны ким каржылайт? Партияда олигархтар барбы?"

"Партия мүчөлөрү 5 миң сомдон чогултуп баракчаларды чыгардык", - деди ал.

Кийинки суроо үй-бүлөлүк баалуулуктар тууралуу берилди.

"Эне деген эмне дегенди жеткире турган долбоорубуз бар", - дейт Зикиров.

2021-11-22 23:40:00

"Альянс" партиясынан талапкер "Үйдө муздаткычың, эски унааң болсо жөлөк пул бербей коюп жатат. Депутат катары жөлөк пул маселесин чечүү жолун айтат элеңер?" деген суроо берилди.

"Аруузат" партиясынан талапкер: "Эң аз пайызда насыя берүү принцибин киргизебиз", - деди.

"Ишеним" партиясынан талапкер: "Жөлөк пул алуу үчүн бир канча критерийлер бар. Ошол критерийлер тилекке каршы иштелип чыккан эмес. Бир унааң болсо жөлөк пул алгандан чектеп салат экен. Жөлөк пулга байланыштуу критерийлерди карап чыгуу керек", - деди.

"Ынтымак" партиясынан талапкер: "Жөлөк пул боюнча мыйзамды кайра карап чыгуу зарыл", - дейт.

 

2021-11-22 23:32:00

"Ынтымак" партиясынан талапкер "Азык-түлүк маселеси оор бойдон турат. Бул маселени кантип чечүү керек?" деген суроо берди.

"Альянс" партиясынан талапкер: "Азык-түлүктүн кымбаттаганы бардык жерде айтылууда. Кыргыз өлкөсү импортко гана көз каранды өлкө болуп калды. Өзүбүздүн өндүрүштү колдошубуз керек", - дейт.

"Ишеним" партиясынан талапкер: "Азык-түлүктүн баасы дүйнө жүзүндө көтөрүлүп жатат. Мен Санкт-Петербургдан учуп келдим. Биздин мекендештерибиз менен жолугуп келдим. Күйүүчү майдын баасын салыштырсам баасы биздики менен бирдей болуп калыптыр. Алып сатарлар эл кыйналып жатканда ошонун эсебинен байып кетебиз деген ишкерлер жок эмес экен", - деди.

"Аруузат" партиясынан талапкер: "Мен депутат болсом дыйкандарды колдоо боюнча иш алып барам", - дейт.

2021-11-22 23:24:00

"Ишеним" партиясынан талапкер "Эгерде Жогорку Кеңешке депутат болуп өтүп калсаңар парламентаризмди өнүктүрүү үчүн кайсы өлкөлөргө барасыңар?" деген суроо берди.

"Аруузат" партиясынан талапкер: "Менин чоң тажрыйбам бар. Мага башка жакка баруунун кереги жок", - дейт.

"Ынтымак" партиясынан талапкер: "Арменияга барып көрүп келет элем. Анткени ал жакта толугу менен парламенттик система. Лондонго жана Америкага барып келмекмин. Ошолордун практикасын көрүп келмекмин", - деди.

"Альянс" партиясынан талапкер: "Улуу Британияда талкуулары жакшы өтөт. Ошол жактын тажрыйбасын карап көрсө болот. Ар кандай чакырган өлкөлөр болгондо карап көрсөк болот", - дейт.

2021-11-22 23:15:00

"Аруузат" партиясынан талапкер атаандаштарынан депутаттардын мөөнөтүн чектөө боюнча көз карашын сурады.

"Ишеним" партиясынан талапкер: "Эгерде жеке инсан катары, жаран катары жооп бере турган болсом. Сиз менен макулмун. Ошону менен бирге юрист катары, дүйнөлүк практика боюнча айта турган болсом демократиянын баалуулуктарга жооп бербей калат болуш керек", - деп жооп берди.

"Ынтымак" партиясынан талапкер: "Жогорку Кеңештин ушул чакырылышы өзүнүн ордун жоготуп алды. Бир топ маселелерди чечкенде жүзүбүздү көрсөтүп алдык. Бирок алардын арасында элим, жерим деп күйгөн депутаттар дагы бар", - деди.

"Альянс" партиясынан талапкер: "Эки жолу депутат болдуң деп тажрыйбалуу адамдарды мыйзам менен чектеп койгон туура эмес. Эл шайлабай койсо келишпейт", - дейт.

2021-11-22 23:07:00

Алып баруучу талапкерлер тарабынан берилген убадаларды аткаруу боюнча кандай аткарыла турганы боюнча суроо берди.

Жанар Акаев: "Биз алыбызга жараша убада берип жатабыз. Парламентке сабаттуу, жаңыча ойлонгон команда керек. Биз ушундай команда түздүк", - деди.

Марлен Маматалиев: "Биз Кыргыз өлкөсүнүн аймактарын кыдырып келдик. Эл убадалардан тажашкан. Биз жаш партия бул маселеге өзгөчө көңүл бурдук. Убада берерде жакшылап ойлондук. Жыл сайын ачык отчёт берип турабыз", - дейт.

Медер Алиев: "Буга чейин парламентке шайлоо болгондо талапкерлер колунан келбеген, ыйгарым укугуна кирбеген убадаларды берип келишкен. Эл баягыларбы деген сөздөрдү айтып жатышат. Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттен маселелерди көтөрүп турат. Депутат эл аралаган киши болушу шарт", - деди.

Советбек Зикиров: "Депутат эки чакырылышка эле шайланышы керек. Анда жаңы жүздөрдүн парламентке келүүсүнө шарт түзүлөт", - деди.

2021-11-22 22:55:00

Алып баруучу "Дүйнөлүк экономикалык картада Кыргыз өлкөсүнүн ордун аныктай турган өзөк эмнеде? Аны аныктап, бекемдеш үчүн кандай база керек?" деген суроо берди.

Советбек Зикиров: "Биздин экономикалык көз карашыбыз жалпы эмес, конкреттүү түрдө. Туризмди өнүктүрүү керек. Экономикалык өзгөртүүлөрдү алып келүү үчүн чет өлкөдөгү кадрларды алып келүү зарыл", - деди.

Медер Алиев: "Акыркы 30 жылда саясатка аралашып кеттик. Бекеринен ийгиликтүу мамлекеттин эли саякатчы, жарды мамлекеттин эли саясатчы деп бекеринен айтылбаса керек. Экономика жаатында мыйзамдар либералдуу болушу шарт. Салыктык жеңилдиктерди берүү зарыл", - дейт.

Марлен Маматалиев: "Бизге Кудай берген суулар бар. Сууну туура колдонсок. Суунун башында туруп электр энергиясын сата турган эмес сатып алып жаткан мамлекет болуп жатабыз. Ошону туура колдонушубуз зарыл", - деди.

Жанар Акаев: "Саясат менен алектенип экономика артка кетти. Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик карызы 4,5 миллиард долларга жетти. Кантип экономиканы көтөрөбүз? Инвесторлорго шарт түзүп беришибиз керек", - деди.

2021-11-22 22:52:00

Жанар Акаев: "Саясаттан күч менен кетире албайсың. Саясаттан шайлабай коюп кетиресиң. Депутаттар жөнүндө элдин ою кандай экенин билебиз", - деди.

Марлен Маматалиев: "Парламентте калган функциялар элге кызмат кылууга жетет", - дейт.

Медер Алиев: "Жаңыланууга убакыт келди", - деди.

2021-11-22 22:43:00

"Ишеним" партиясынын лидери: "Аймактык реформа керек. Мамлекеттик союздан калган система иштеп жатат. Аты эле бар. Толугу менен укугу жок. Кадрдык маселе башка. Жаңы реформалар жүрүп, ордуна келди. Аким болгондон кийин ал жергиликтүү маселелерди чече тургандай болушу керек", - деди.

"Альянс" партиясынан талапкер: "Мына азыр жаңы мыйзам боюнча акимдерди президент дайындайт. Губернатор деген эмне иш кылат? Бул кызматты жоюш керек. Айыл өкмөт, мэрлерди эл өзү шайлоосу шарт", - деди.

2021-11-22 22:36:00

Алып баруучулар тарабынан "Учурда аймактык административдик реформа канчалык зарыл? Кандай өңүттө жүрүшү керек? Мыйзам базасы талапка туура келеби?" деген суроо берилди.

"Аруузат" партиясынан талапкер: "Өзүм аймактарды өнүктүрүү багытында адисмин. Азыркы өзгөрүүлөр боюнча караш керек. Бизде президенттик башкаруу орноду. Эки жыл аймакты өнүктүрүү жылы деп жарыяланды. Бирок эч нерсе өзгөргөн жок", - деди.

"Ишеним" партиясынан талапкер: "Мурункуга салыштырмалуу адилеттүү, жоопкерчиликтүү бир адам жооп бере турган система орнойт деп ишенем. Буга чейин айыл өкмөтүн дайындоо процессинде депутаттар  тааныштарын, кудаларын, ойношторун шайлашкан. Аймактык реформага кылдат иш алып барышыбыз керек", - деди.

2021-11-22 22:34:00

"Альянс" партиясынан талапкер Жанар Акаев: "Жаңы команданы курай алдык. Эң сапаттуу мыйзамдардын автору чогулду. Парламентте мыкты, күчтүү адистер керек. Чындыкты айтып турушу керек. Биздин партия ушундай команданы түптөй алды", - деди.

2021-11-22 22:32:00

"Ынтымак" партиясынын лидери Марлен Маматалиев мигранттар боюнча маселе көтөрдү. "Мыйзам жаза ала турган эл өкүлдөрү бар. Мамлекетибиз кыйын учурда пандемия учурунда иштеген ыктыярчы жарандарыбыз бар", - дейт ал.

2021-11-22 22:29:00

"Ишеним" партиясынан талапкер Медер Алиев: "Өнүгөбүз деген мамлекеттер экономиканы, медицинаны ойлонушса биз болсо баягыны бири-бирибизди чукуганды улантып жатабыз. Жаңыланууга убакыт келди го. Келгиле ынтымакка келели", - деди.

2021-11-22 22:25:00

"Аруузат" партиясынын лидери Советбек Зикиров партия тууралуу маалыматтарды айтты. "Биздин команданын мүчөлөрү менен тааныштырам. Депутат деген ким, алар кандай кызмат кылышы керектиги тууралуу айтып берем", - дейт ал.

2021-11-22 22:20:00

КТРКда теледебат башталып, саясий партиялардын лидерлери тааныштырылып жатат. Аларга дебаттын эрежелери тааныштырылды.

2021-11-22 00:26:00

Теледебат жыйынтыкталды.

2021-11-22 00:20:00

Талапкерлер шайлоочуларга кайрылып жатышат.

Советбек Зикиров англис тилинде кайрылуу жасады. 

Медер Алиев: "30 жыл аралыкта саясат ушак айтмак болуп калды. Келгиле биригели", - деди.

Марлен Маматалиев: "Бизде баары бар бирок ынтымагыбыз жок болуп жаткандай болуп жатат. Ынтымак бар жерде ырыс бар", - дейт.

Жанар Акаев: "Парламент кор болду. Коомго уят болгондор дагы шайлоого катышып жатышат. "Альянс" партиясын тандаңыздар", - деди.

2021-11-22 00:10:00

"Альянс" партиясынан талапкерге "Бир Бол" партиясынын лидери Алтынбек Сулаймановдун партиядан кетип калышы, сиздин жыл сайын партия алмаштырганыңыз канчалык саясий моралга туура келет?" деген суроо берилди.

"Мурдагы шайлоодо бийлиги, акчасы бар партияга барган жокмун. Эмне сунуш түшкөн жок деп ойлоп жатасыздарбы? Оппозициялык партияга бардым. Биз жаңы күчтөрдү жыйнап партия алып чыктык", - деп жооп берди Жанар Акаев.

Суроо: "Жанар Акаев депутат болгонго чейин кыйын сүйлөгөн, тайманбаган жигит деп жаштар үмүттөнгөнбүз. Депутат болуп үмүттү актадым деп эсептейсизби?"

Жооп: "60тай мыйзам долбоорун жазууга катыштым. Дайыма эл тарапта болдум. Эки президент кетти. Үчүнчү президент келди. Бирөөнүсүнө дагы жагалданган жокмун. Жаштарды уят кылган жокмун. Барган жеримде жүзүм жарык", - дейт Акаев

2021-11-22 00:04:00

"Ынтымак" партиясынан талапкерге суроолор берилди.

Суроо: "Өлкөнү өнүктүрүү боюнча 100 долбоор, биз аткарабыз деген ролигиңиздер чыгып жатат. Ал эмне болгон долбоорлор? Сөз жүзүндө калып калбайбы?" 

Жооп: "Биз атайын экономисттерди чакырып жетип өлчөп чыгардык. ГЭСтерди куруу, кендер боюнча, туризмди өнүктүрүү маселелери каралууда".

Суроо: "Эркин Тентишевдин баласы Бакыт Тентишев шайлоого баратат. Ал эмне үчүн кызматын өткөрүп бербей жатат?"

Жооп: "Өзүбүздүн команданы түптөп жатканда бирөөнүн баласы деп караган эмеспиз. Команданы жаштардан түзгөнбүз".


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан