Суусамыр өрөөнүндө автокырсык катталып, бир адам каза болду. Жол кырсыгы бүгүн, 22-ноябрда саат 16:00 чамасында катталганын Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан маалымдашты.
Белгилүү болгондой, автокырсык Бишкек-Ош унаа жолунун 187-чакырымында жүк ташуучу Мерседес-Бенц унаасы менен Лексус унаасы сүзүштү. Кырсыктын кесепетинен жол тандабастын 65 жаштагы айдоочусу каза болду. Андан тышкары Лексус унаасынын бир жүргүнчүсү жана жүк ташуучу унаанын айдоочу жаракат алышты.