
Түркмөнстанда бензинге байланыштуу жаңы эреже киргизилди. Анда май куюучу жайларда күйүүчү май сатып алууну каалаган айдоочулар коммуналдык кызматтарга карызы жок экенин ырастаган маалымкат алып барышы керек. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, жаңы талап үзгүлтүксүз маалымкат алуу үчүн тиешелүү мекемелерге барууга мажбур болгон жарандарга кошумча түйшүк жараткан. Экинчи жагынан, бул май куюучу станциялардын кызматкерлери үчүн айдоочулардан пара талап кылууга мүмкүнчүлүк жаратары айтылат.