UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко Бишкек шаарында маалымат жыйын берип, анда карьерасы, жеке жашоосу жана башка күйөрмандарын кызыктырган суроолорго жооп берди. Маалымат жыйындан кийин мушкер менен белгилүүлөрдүн жолугушуусу орун алып, кече жабык өттү.
Борбор калаадагы этно комплекстердин биринде өткөн кечеде Валентина Шевченко сөз сүйлөп, сыймыктанууну жаратты.
"Кыргыз жергеси - мен кубат алып, энергия топтоп, UFC`деги титулумду, чемпиондук курумду коргоп, беттештерге ийгиликтүү катышуума күч берген жер. Буга чейин 2019-жылы Кыргыз жергесине келип топтогон энергиям чемпиондук курумду 6 жолу коргоп калганга күч берген. Бул жолкусунда алган кубатым андан дагы көп ирет жеңишти камсыздоого жетет деп ишенем", - деди мушкер.
Валентина Шевченконун бул сөзү көпчүлүктүн сыймыктануусун жаратып, дээрлик баары сары кызга жакшы каалоо-тилектерин айтышууда.