22-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 297 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
"22-ноябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 11 миллиард 297 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 160 метр куб, агып чыгышы 567 метр кубду түзүүдө", - деп билдиришти мекемеден.
Былтыр, 2020-жылдын 22-ноябрында Токтогул суу сактагычында суу 14 миллиард 103 миллион метр кубду түзгөн. Ал эми суунун агып кириши былтыркыга салыштырмалуу аз болууда.