Өзбекстандын Уртачирчик райондук кеңешинин депутаты, Элдик демократиялык партиянын райондук кеңешинин төрайымы Феруза Бабашева депутаттык кол тийбестиктен ажыратылды. Мындай чечим 22-ноябрда Эл депутаттарынын кеңешинин жабык жыйынында кабыл алынганын коңшу өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Өз кезегинде Феруза Бабашева депутаттык кол тийбестиктен ажыратылганын, бирок депутаттык ыйгарым укуктарын сактап калганын тактаган.
Феруза Бабашеванын катышуусундагы чуулгандуу кадрлар октябрь айынын башында Ташкент облусунун Бостанлык районунда конок үйү деп аталган жерде укук коргоо кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейд учурунда тартылган. Анда эки аял жана эки эркек болгон. Анын ичинен эки жаран интимдик байланышта болгондугу аныкталган. Сурак учурунда алар спирт ичимдиктерин ичип, бул жерге жакын мамиледе болуу үчүн келишкенин айтышкан.